“Биздин оорруканада илимий иш жасаганга толук шарттар бар” Равшан Маметов, Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасынын директору, медицина илимдеринин доктору

– Равшан Раимбердиевич, сиздердин оорукана үч облустун балдарын тейлегенге жетишип жатабы? Бүгүнкү күндөгү абалыңыздар кандай?

– Биздин оорукана 540 орундуу. Биз балдарды туулгандан баштап 15 жашка чейин карап дарылайбыз. Мурда оорукана 620 орундуу болуп иштеп турган. Кийин оптимизация болуп кыскарып кеткен экен. Ал учурда биздин оорукана облустук эле болчу. 2015-жылы Ош, Баткен, Жалал-Абат облустарынын балдарына адистештирилген жардам көрсөтүү максатында облустар аралык деген статус берилген. Эми оптимизация болгондон бери балдардын саны 2-3 эсеге көбөйдү. Бирок орундардын саны көбөйгөн жок. Биздин оорукана балдарга жардам көрсөтүү боюнча түштүк регионунда жалгыз көп тармактуу мекеме. Бул жерде бейтаптарга толук кандуу жардам көрсөтүлөт. Жабдыктарыбыз жаңы, кызматкерлерибиздин деңгээли жогору, түрдүү операциялар жасалып турат.

– Сиз айтып жаткан кызматтардын баары балдарга жеткиликтүүбү? Анткени, балдардын саны 2-3 эсе көбөйдү деп жатпайсызбы.

– Албетте, жеткиликтүү. Ооба, айрым учурларда орундар жок болуп, кезек күтүүгө туура келип калат. Бирок кезеги жеткенде толук жардам көрсөтүлөт. Ковидден кийин балдардын арасында пневмония көбөйүп кетти. 2021-жылы пульмонология бөлүмүндө орундардын толуусу 170 %га, респиратордук патология бөлүмүндө 177 %га аткарылды. Мындай учурда бейтаптар аз болгон башка бөлүмдөрдү жапканга туура келди. Пландык операцияларды ды кыс­картып турдук.

– Анын баарына иштегенге пульмонологдор жетиштүү эле болдубу?

– Бул жерде иштеген врачтардын баары педиатр да. Ошондуктан адистер жагынан кыйналган жокпуз. Торакалдык хирургдар, педиатрлар жалпылап жардам беришти. Бизде болгону орун жетишпей, ушул жагынан кыйынчылык болуп жатты.

– Ош шаары жана Ош облусу өзүңүздөрдүкү. Ал эми Баткен менен Жалал-Абаттан канча бейтап кайрылат? Кандай жагдайлар менен?

– Кошуна облустардан оор абалдагы бейтап балдарды алып келишет. Ар бир райондук ооруканада балдар бөлүмү бар да. Жеңил формалары ошол жактан эле дарыланышат, бизге татаал ооруларды жана оор абалдагыларды эле жиберишет. Ушул жерде бир сунуш айтып кетейин. Баштапкы звенону күчтөндүрүшүбүз керек. Райондордо баштапкы звенодо врачтар жетиштүү болуп, алар убагында жардам көрсөтүп турса, стационарлардын жүгү жеңилдемек. Анткени, бизге амбулатордук бейтаптарды деле алып келе беришет. Албетте, ал жерлерде деле врачтар жетишпейт. Бул жагдайды деле түшүнүшүбүз керек. Үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда терапевттер менен гинекологдор азыр үй-бүлөлүк дарыгер болуп балдарды да карап жатышат. Кээ бир учурларда ал врачтар коркуппу же жоопкерчиликтен качыппы, түз эле бизге жиберип ийишет. Биз аларга баштапкы жардамды көрсөтүп, кайра жиберебиз. Ошондуктан ар бир үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда жок дегенде бир педиатр сөзсүз болсо, балдарга да, ооруканаларга да жеңил болмок. Экинчиден, эл да Ошко көнүп калышыптыр. Баласы ооруп калса, жакшыраак караталы деп райондордон түз эле бизге келе беришет. Алар атайын келгенден кийин биздин врачтар деле аларга жардам көрсөтүп, консультация берип жөнөтүшөт. Дагы бир кемчилиги – алар багыттама албай келишет. А бизде кароо, жаткыруу үчүн багыттама болушу керек. Жалал-Абат облусунун Аксы, Чаткал райондорунан алгач Жалал-Абат облустук клиникалык ооруканасына барып, ал жерден толук жардам ала албаса гана бизге келиши керек. Бирок ата-энелер “Ошко көнүп калганбыз”, “Ошто күчтүү врачтар бар, ошондуктан түз эле келе бердик” дешет. Биз облустар аралык деген статус алгандан кийин алардын баарып кабыл алууга тийишпиз. Экинчиден, элде врач тандоо укугу бар.

– Ковид жана анын кесепеттерин эске албаганда балдар кайсы оорулар менен көп келип жатышат?

– Баткенде балдар хирургдары жок. Ошондуктан Баткенден хирургиялык жана травматологиялык бейтаптар бүт бизге келет. Жалал-Абатта балдар хирургдары бар. Ошондуктан ал жактан оор абалдагылар эле келет. Акыркы убактарда тубаса кемтик менен төрөлгөн балдар көбөйүп жатат. 2022-жылдын январь-февраль айларын анализ кылып чыктым. Тубаса оорулардын саны 2 эсеге көбөйүп кетиптир.

– Анын себептерин изилдөө үчүн илимий мекеме болуш керек. Сиздер кандай кылып изилдесеңиздер болот?

– Биздин оорукана Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин клиникалык базасы болуп эсептелет. Биздин балдардын көпчүлүгү илим менен алектенишет. Мен өзүм да ушул жерден илим жасайм. Илимий иштерди жасаганга бизде толук шарттар жетиштүү. Ошондой эле алдыңкы технологияларды киргизгенге да мүмкүнчүлүктөр бар.

– Анда илимий иштер оорукананыкы эмес, университеттики болуп калат го.

– Биз алардын базасы болуп жатпайбызбы. Илимди да чогуу жасайбыз. Илимий изилдөөлөрдүн баарын университет толук каржылап берет.

Биз андан сырткары Улуттук илимдер академиясынын Оштогу Медициналык маселелер институту менен кызматташабыз. Жакында эле анын директору менен сүйлөштүм. Директору Рахман Тойчиев өзү балдар хирургу. Ал киши “эгер илим жасасаңар, анализдерди акысыз жасап берем” деп убада берди. Алардын лабораториясы жаңы салынган, шарттары жакшы.

– Сиздерде санавиация барбы? Кошуна облустарга да сиздер барасыздарбы же алар өздөрү алып келишеби?

– Ошто борборлоштурулган санавияция Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында. Ошол жактан барып, алып келишет. Эгер балдар врачтары керек боло турган болсо, санавиация менен биздин врачтар барып, жардам көрсөтүшөт.

– Ош шаарында жеке менчик балдар медицина борборлору барбы?

– Жок го дейм. Мурда балдардын гепатология борбору (менчик медицина борбору) ачылган экен. Ага балдар аз баргандыктан азыр чоңдорду да кабыл алып, жалпы борбор болуп калыптыр. Атайын балдар үчүн адистештирилген медициналык борборлор жок болсо керек.

– Балдардын саны көбөйүп бараткандыктан, оорукананы кеңейтүү муктаждыгы барбы? Балким кошумча бөлүмдөрдү ачыш керекпи?

– Мен бул боюнча анализ кылып жатам. Азырынча ымыркайлардын патологиясы бөлүмүн ачуу зарыл. 15 орундуу деп токтолгонбуз. Бирок аппаратура, жабдыктар боюнча маселе чечилбей турат. Бул биринчи. Экинчиси, кадр маселеси.

– Мурда ымыркайлардын патологиясы жок беле?

– Биздин ооруканада жок болчу. Шаардык перинаталдык борбордо 30 орундуу бөлүм бар. Ал жерде да ооруган балдар көп, орун аз болуп, маселе болууда. Анын үстүнө төрөт үйүнөн чыгып, ооруп калып, кайра келгенде жаткыруу маселели да жаралып калууда. Ошондуктан бизге ушундай бөлүм ачып, экинчи этапты карагыла деп жатышат. Жакында Ош облустук бириккен клиникалык ооруканага перинаталдык борбор ачылат деп айтышкан. Эгер ал ачылып калса, анда маселе чечилет. Облус боюнча алар карайт. Бирок ал ачылганга чейин биз иштеп, жардам көрсөтүп турушубуз керек.

– Сиздерде патология боюнча иштей турган кадрлар барбы?

– Бизде ымыркайлардын патологиясы боюнча неонатологдор жок. Азыр кафедрада иштеген, декреттик өргүүдө отурган 2-3 неонатолог менен сүйлөшүп жатабыз. Каржы маселеси чечилип, жабдыктарды алып калсак, жумушту баштайт элек. Ал неонатологдор келсе, бул жакта жүргөн ординаторлорду окутуп, даярдап алат элек.

Маектешкен Базарбай ГАПАРОВ

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Next Post

«Баштапкы медициналык жардам бөлүмүнө 100гө жакын адис керек» Талантбек Белекбаев,Алай районунун жалпы дарыгерлик практика борборунун директору

Пт Авг 12 , 2022
– Талантбек Маматосмонович, аймактык оорукана менен үй-бүлөлүк медицина борборунун биригишинин артыкчылыгы жана кемчилиги эмнеден байкалып жатат? – Рахмат. Бул жерде кечээки эле тарыхка бир аз кайрылып көрсөк болот. Союз кезинде бардык район, шаарларда борборлоштурулган оорукана болуп бир эле мекеме эмес беле. Анын стационары, бейтапканасы болчу эмес беле. Кийин реформа жасалып, […]

You May Like